SerepTV Logo

Чүйдө Спринтер жүргүнчүлөрү менен оодарылып, эки жаш бала жаракат алды

Чүйдө Спринтер жүргүнчүлөрү менен оодарылып, эки жаш бала жаракат алды
Чүй облусунун Токмок шаарына жакын аймакта Бишкекти карай келе жаткан спринтер оодарылып, 1 жаштагы наристе жана 12 жаштагы өспүрүм жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ЖКККББдан маалымдашты. - "Бүгүн, 28-июль күнү болжолдуу саат 12:40та Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда (Токмок шаарына жакын аймакта) бараткан Мерседес Бенц (спринтер) үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, 1988-жылы туулган М.Т. рулду башкара албай капталга оодарылып калган. Айдоочунун айтымында, унаанын алдыңкы дөңгөлөгү жарылып кеткен. Кырсыктан 1 жаштагы наристе менен 12 жаштагы өспүрүм жаракат алып, Токмок шаарынын аймактык ооруканасына кайрылган", - деп билдирет басма сөз кызматы.