SerepTV Logo

Чүйдө сойкулук менен алектенген делген 2 кыз менен алардын "ээси" кармалды

Чүйдө сойкулук менен алектенген делген 2 кыз менен алардын "ээси" кармалды

Чүйдө сойкулук менен алектенген 2 кыз жана администратор кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-декабрда милиция тарабынан Токмок шаарындагы 3-кичи районундагы батирден 2001 жана 1991-жылы туулган 2 кыз аныкталган. Алар интимдик кызмат көрсөтүп жүрүшкөн. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары сойкукананын администратору 1984-жылы туулган аял аныкталып, андан акча жана далил катары буюмдар аныкталган. Ал кармалып, камакка алынды. Ал эми 2 кыз тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Тергөөнүн жүрүшү менен алардын аракетине юридикалык баа берилет.