SerepTV Logo

Чүйдө сарайга ууруга киргендер 2 бодо мал, 2 музоо уурдашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Чүйдө сарайга ууруга киргендер 2 бодо мал, 2 музоо уурдашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды
Чүйдө уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ушул жылдын 21-февралында Жайыл РИИБге Новониколаевка айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 21-февралга караган түнү сарайынан 70 миң сомдук эки бодо малын белгисиз жарандар уурдап кеткени айтылган. Ошондой эле 23-майда Алексеевка айылынын тургуну да сарайынан эки музоо уурдап кеткендерге чара көрүп берүүнү суранган. Бул фактылар Жайыл РИИБге катталып, Жазык кодексинин 200-беренесине ылайык (уурдоо) кылмыш иши козголгон. Чүй ОИИБ менен Жайыл РИИБдин кызматкерлери иш алып бара башташкан, натыйжада аталган кылмыштарга шектелип, 23 жана 21 жаштагы жигиттер кармалып, убактылуу тергөөчү жайга киргизилген. Тергөө иштери уланып жатат.
edita