SerepTV Logo

Чүйдө рейд жүрүп, сойкулук менен алектенген деген кыздар аныкталды

Чүйдө рейд жүрүп, сойкулук менен алектенген деген кыздар аныкталды
Кечээ, 9-августта Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан «Притон» профилактикалык иш-чарасы өткөрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 10-августта билдиргендей, милиция кызматкерлери мончо жана сауналарды текшерүүгө алышкан. Сокулук айылындагы сауналардын биринде рейд учурунда кызмат көрсөткөн кыздар аныкталган. Натыйжада 23 жаштан 40 жашка чейинки 7 кыз милицияга жеткирилип, алар суракка алынган. Мындан тышкары сауналарда сойкукана уюштурган адамдардын жоопкерчилиги каралууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="194525,194526,194527,194528,194529,194530,194531"]