SerepTV Logo

Өз энесин бензин куюп өрттөп салган адам психикалык жактан жабыркай турганы маалым болду

Өз энесин бензин куюп өрттөп салган адам психикалык жактан жабыркай турганы маалым болду
Жайыл районунда өз энесине бензин куюп өрттөп жиберүүгө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 9-март күнү таңкы саат 06:30 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылгандыгын билдирген. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке Жайыл РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, жерди кароо учурунда аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын 1940-жылы туулган жергиликтүү жашоочу экендиги аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын 1977-жылы туулган уулу кармалган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине (киши өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Териштирүү учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, апасына бензин куюп өрттөп жибергенин билдирген. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү жаран психикалык жактан жабыркап келгени маалым болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
edita