SerepTV Logo

Чүйдө өткөрүлгөн рейдде бир нече кылмыштын бети ачылды

Чүйдө өткөрүлгөн рейдде бир нече кылмыштын бети ачылды
Чүй облусунда өткөрүлгөн рейд иш-чарасында бир нече кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 24-марттан 29-мартка чейин Чүй облусунун аймагында ыкчам издөө жана кылмыштуулукту алдын алуу иш-чарасы болуп өткөн. Өткөрүлгөн рейд учурунда Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан ИИМдин ыкчам каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 5 жаран кармалып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. Андан сырткары 17 кылмыштын бети ачылган. Алардын ичинен, каракчылык боюнча - 1, уурулук боюнча - 9, алдамчылык - 1, ээнбаштык - 1, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо - 2 жана башка кылмыштардын беттери ачылган.
edita