Чүйдө өлтүрүлгөн кыз менен шектүү катары кармалган дос баласынын жазышуусу тарады
Чүйдө дайынсыз болуп, изделип жаткан кыздын жансыз денеси табылды. Чүй ОИИБ берген маалыматка караганда, кыз 18-февралга караган түндөн бери дайынсыз болуп жаткан.
«18-февралга караган түнү кыз Гидростроитель айылындагы мектептин жанында таанышы менен жолуккан. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, таанышы кызга кол көтөрүп, бут кийиминин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Кылмышты жашыруу максатында жансыз денени талаага алып барып, жалбырак, бактын бутактар менен жашырып, качып кеткен. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2004-жылы туулган шектүү кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда»,- деп айтылат маалыматта.
Активист Жаныбек Егенбердиев кечээ, 25-февралда видео жүктөгөн. Анда кыздын апасы кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, окуя тууралуу маалымат берген. Ошондой эле кыз менен дос баласынын жазышуусу тарады.
Шектүү кызга түнкү саат 2:30да жазып, андан кийин бир нече жолу чалганын көрүүгө болот. Акыры кызды ар кайсы шылтоо менен сыртка чыгууга көндүргөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram