Чүйдө ок-дарылар сакталган жай табылды (сүрөт)
Чүй облусунун Аламүдүн районунда ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
14-апрелде Кара-Жыгач айылындагы «Восход» дачалык кооперативинде жайгашкан жеке менчик тилкесинин аймагынан жерге көмүлгөн желим баштык табылган. Баштыктын ичин текшерүүдө, 108 даана ок-дары, ошондой эле Макаров маркасындагы тапанчанын 2 компоненти (магазин 8 ок-дарысы, стволду тазалагычтары) табылган.
Учурдамилиция кызматкерлери менен биргеликте аталган ок-дарыларды сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="237644,237645,237646,237647"]