SerepTV Logo

Чүйдө "общак" үчүн акча талап кылган шектүү кармалды

Чүйдө "общак" үчүн акча талап кылган шектүү кармалды
Каракчылык менен кол салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 2023-жылдын сентябрь айында Жайыл районундагы конуштардын биринде белгисиз адамдар Чүй облусунун тургунун бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 5000 сом акчасын алып кетишкен. Бул адамдар криминалдык чөйрөнүн адамдары тууралуу айтышып, “общак” үчүн акча талап кылышкан. Андан кийин алар бир нече он миңдеген акча каражатын талап кыла башташкан. Мындан тышкары, шектүүлөр телефон чалууга кокустан жооп берген жабырлануучунун үй-бүлө мүчөлөрүн да коркутушкан. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүмү “каракчылык” боюнча кылмыш иши козголгон. Бул ишке шектүүлөрдүн бири катары Чүй облусунун тургуну 1999-жылы туулган аныкталып, кармалды. Ал мурда укукка каршы аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар калган адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.