SerepTV Logo

Чүйдө мүрзөлөрдүн тосмосун уурдап жаткан жеринен 2 жаран кармалды

Чүйдө мүрзөлөрдүн тосмосун уурдап жаткан жеринен 2 жаран кармалды

Уурулук кылууга аракет кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Арсенал» рейдинин жүрүшүндө Новопокровка айылындагы көрүстөндөгү мүрзөлөрдүн темир тосмолорун уурдап жаткан жеринен эки жаран кармалган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренеси (уурдоо аракети) менен катталды. 

Кармалган 43 жана 35 жаштагы жарандардын дагы 4 ишке байланышы бар экени аныкталган. Тергөө уланууда.