SerepTV Logo

Чүйдө чала таанышы тарабынан уурдалып, зордукталганын айткан кыздын окуясы. Шектүү 2 айга камакка алынды

Чүйдө чала таанышы тарабынан уурдалып, зордукталганын айткан кыздын окуясы. Шектүү 2 айга камакка алынды
Мындан бир нече күн мурун Ысык-Ата районунда 29 жаштагы кыз уурдалып, зордукталганын Чүй ОИИБден билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан шектүү жигит 2 айга камакка алынганын билдиришти. Маалыматка караганда, бөгөт чарасы Ысык-Ата райондук сотунда каралган. Ал 8-августка чейин камакта болот.
  • 6-июнда милицияга чалуу түшүп, анда кыз чала таанышы тарабынан зордукталганын айткан. Жерине барган милиция 1993-жылы туулган кыздан арыз алган. Арызда 5-июнь күнү чала тааныш жаран «үйүңө жеткирип коём» деп күч колдонуп, унаасына салып, Ысык-Атада жайгашкан үйгө алып барганы жазылган. Ал кызды коркутуп, зордуктап салган. Кыз саат 11:00дө качып чыкканын айтып, милицияга кайрылганын билдирген. Милиция кылмышка шектүүнү — 1997-жылы туулган жаранды кармап, суракка алганда, кыз экөө соцтармак аркылуу таанышканын, алар сүйлөшүп жүрүшүп, ошол күнү жолугууну чечишкенин айткан. Кафеден чыгып, баланын үйүнө барышканын, жыныстык катнаш кыздын макулдугу менен болгонун билдирген. Ал кызды эртең менен таппай калгандыктан, кыздын таштап кеткен буюмдарын алып, милицияга алып барган.