Чүйдө 45 жаштагы аял күйөөсүн балка менен башка чаап өлтүргөн: Окуянын чоо-жайы
Кечээ Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Кемин районунда 45 жаштагы аял күйөөсүн балка менен чаап өлтүргөнүн мойнуна алып, милицияга өзү барганын билдиришкен. Ал эми бүгүн, 11-февралда өздүк булактар тарабынан окуянын чоо-жайы айтылды.
«Кечинде жубайлар коноктордун үйүнө кайтып келишкенден кийин алардын ортосунда уруш чыккан. Бирок уктаар алдында күйөөсү аялын сарайда түнө деп үйүнөн сүйрөп чыккан. Аял ал жерден балка жана аркан таап, үйүнө кайтып келип, уктап жаткан күйөөсүн башына бир нече жолу балка урган. Ал каршылык көрсөтүүгө аракет кылган, бирок аял бир нече жолу уруп жиберген. Андан кийин ал күйөөсүн байлап, ашканага барып, уксус алып чыгып, аны оозуна куйган. Алгач аял ал өз жанын кыюуну каалаган, бирок кийин милицияга барууну чечкен»,- дешти алар.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.