Чүйдө курал-жарак сакталган жай табылды (сүрөт)
Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарына жакын жерден ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын сакталган жайы аныкталып, анда белгисиз маркадагы арааланган жылмакай мылтык - 2 даана, 1 даана (болжолдуу ТОЗ-8 маркасындагы) мылтык, 4 даана белгисиз модификациядагы тапанчалар, 7, 62х54 – калибрдеги патрондор – 39 даана (анын ичинде трассердик жана броне – тешүүчү октор), 16-калибрдеги патрондор – 15 даана, 9 мм. калибрдеги травматикалык октор-5 даана, 18х45 калибрдеги октор - 4 даана, бычактар - 2 даана жана 2 даана DVD – дисктер табылган.
УКМК органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун, диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="252495,252496,252497"]