Чүйдө курал жана ок-дарылар сакталган жай табылды
Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал жерден Макаров тапанчасы, Калашников автоматынын 5,45 жана 7,62 калибрдеги бир нече гильзалары жана Казакстандын транспорт каражатынын мамлекеттик номуру, ошондой эле жардыргыч түзүлүштөрдү колго жасоо үчүн башка буюмдар табылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дарылар кылмыштуу элементтер тарабынан кылмыш жасоо үчүн даярдалып жаткан. Табылган куралдардын келип чыгышы жана жашыруун сактоону уюштурган адамдар аныкталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="96056,96057,96058"]