SerepTV Logo

Чүйдө кудук казып жатып, көз жумган үч жаран этникалык кыргыздар. Окуя тууралуу маркумдардын тууганы эмне дейт?

Чүйдө кудук казып жатып, көз жумган үч жаран этникалык кыргыздар. Окуя тууралуу маркумдардын тууганы эмне дейт?
Кечээ, 26-июнда Чүйдө кудук казып жаткан 3 адам көз жумган, дагы 2 адам ооруканага жеткирилген. Маалыматка караганда, кырсык Токмок шаарында жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде катталган. Кырсыктын кесепетинен 1980, 1982, 1987-жылы туулган 3 эркек киши жан берген. 1989 жана 1999-жылы туулган жарандар жабыркаган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги тууганы менен байланышканда, алардын этникалык кыргыздар экени маалым болду. "Үчөө бир тууган. Биздин алыс туугандарыбыз болот. Этникалык кыргыздар. Жерге-Тал районунан көчүп келишкен. Азыр сөөгү өлүкканада экен. Окуя тууралуу мен деле жакшы билбейм", - дешти алар.