SerepTV Logo

Короодо турган унааны айдай качкан жаран мас абалында кармалды

Короодо турган унааны айдай качкан жаран мас абалында кармалды
Ак-Жар конушунан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны айдай качкан жаран Сокулук районунан мас абалында кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 1-февралда Ак-Жар конушунан жашы 40-45 чамасындагы жаран Мерседес үлгусүндөгү унааны короодо турган жеринен айдап, качып кеткен. Маалыматка караганда, бүгүн, 3-февраль күнү унаанын айдоочусу ИИМдин кызматкерлери тарабынан Сокулук районун Кант айылынын аймагындагы айланма жолдон кармалган. Аталган жаран Чүй ОИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
edita