SerepTV Logo

Чүйдө 7 унаасы менен кошо күйүп кеткен тралдын айдоочусу элден жардам сурайт (видео)

Чүйдө 7 унаасы менен кошо күйүп кеткен тралдын айдоочусу элден жардам сурайт (видео)
Сокулук районунун Күн-Туу айылында дем алыш күндөрү 7 автоунаа жүктөлгөн трал күйүп кеткен. Жалпы чыгым - 65 миң доллар. Бул тууралуу тралдын айдоочусу Белек Аттокуров билдирди.
Анын айтымында, 3-апрелге караган түнү жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайга жеткенде, белгисиз бир себептерден улам өрт чыгып кеткен. Кесепетинде үстүндө жүктөлгөн 7 унаа менен кошо трал да күйүп кеткен. "Мен автоунааларды Орусиядан алып келаткам. Тралды бөлөм экөөбүз жакында эле карызга алган элек. Бишкекке келгенде, унаа токтоочу жайга жетпей кырсык болуп кетти. Менин үч балам бар. Сиздерден суранып кетет элем, кандайдыр бир жардам көрсөтсөңүздөр», - дейт Аттокуров.

Жардам бергиси келген адамдар тралдын айдоочусу Белек Аттокуровдун Элсом номерине акча которсо болот: 0704 54 64 88 - Элсом жана РСК Банк: 5469550037531370

https://www.youtube.com/watch?v=Kx6FKBcFmNI
Unknown Author