SerepTV Logo

Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды
Унаасы менен жаранды өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Жол кырсык 24-октябрда болгон. Анда айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 1963-жылы туулган жаранды сүзүп кеткен. Эркек киши алган жаракатынан мүрт кеткен. Кылмышка шектелип, 1963-жылы туулган жаран кармалды. Ал өзүнүн Портер унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, унаасын үйүнө катып койгон. Унаа айып короого киргизилип, айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилди.