SerepTV Logo

Чүйдө жолдошун курсакка сайган шектүү кармалды

Чүйдө жолдошун курсакка сайган шектүү кармалды
Чүйдө ден соолукка атайылап оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 19-январда саат 03:20 чамасында Ысык-Атадагы ооруканадан билдирүү түшүп, 1988-жылы туулган жаран бычакталып, реанимацияга жаткырылганы маалымдалган. Шектүү катары 1988-жылы туулган аял кармалган. Териштирүүнүн жүрүшүндө, экөөнүн жарандык никеде экени, ошол күнү спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкени аныкталган. Аял күйөөсүн курсак тушка сайган. Учурда териштирүү уланууда.
edita