SerepTV Logo

Чүйдө жол кырсыкта көз жумгандар казакстандык түгөйлөр болушкан

Чүйдө жол кырсыкта көз жумгандар казакстандык түгөйлөр болушкан
Кечээ, 21-апрелде ӨКМ маалымат таратып, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 63-чакырымында жол кырсыгы катталганын билдирген. Анда Toyota Avensis жана Subaru Outback унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 жаран — 69 жаштагы эркек жана 65 жаштагы аял каза болуп, дагы эки жаран ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү маалымат каражаттары каза болгон жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан болушканын жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Subaru Outback Toyota Avensis унаасын капталынан сүзгөн.