SerepTV Logo

Чүйдө жол кырсыгы катталып, 17 жаштагы өспүрүм көз жумду (видео)

Чүйдө жол кырсыгы катталып, 17 жаштагы өспүрүм көз жумду (видео)
Төмөнкү-Чүй айылында жол кырсыгы катталып, 11-класстын окуучусу көз жумду. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Mercedes-Benz менен Chevrolet Aveo үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн. "25-мартта саат 13:03 чамасында Сокулук РИИБге Төмөнкү-Чүй айылынын Фрунзе көчөсүндө жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган айылдын 2007-жылы туулган тургуну Mercedes-Benz унаасын катуу ылдамдыкта айдап бара жатып, каршы тилкеге чыгып кетип, Chevrolet Aveo унаасын сүзгөн. Chevrolet Aveo унаасынын ичиндеги 3 жүргүнчү Сокулуктагы ооруканага жеткирилген. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу травматология бөлүмүнө жаткырылган. Жүргүнчү катары келе жаткан 2008-жылы туулган жаран ооруканага жетпей каза болгон", - деп айтылат маалыматта.
edita