SerepTV Logo

Чүйдө жергиликтүү тургунду чала таанышы 680 миң сомго алдап кеткен. Шектүү камакка алынды

Чүйдө жергиликтүү тургунду чала таанышы 680 миң сомго алдап кеткен. Шектүү камакка алынды
Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 7-сентябрда Сокулук РИИБге жергиликтүү тургундан арыз түшкөн. Ал арызында чала таанышы анын ишенимине кирип, июнь айында 680 миң сомго баалап, 8 баш жылкы алганын айткан. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмышка шектелип 40 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.