SerepTV Logo

Чүйдө жаранды өлтүрө сүзүп, качып кетүүгө шектүү кармалды (сүрөт)

Чүйдө жаранды өлтүрө сүзүп, качып кетүүгө шектүү кармалды (сүрөт)
Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 14-ноябрь күнү саат 19:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 54,500 чакырымынан 1975-жылы туулган жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа сүзүп, качып кеткен. Жөө жүргүнчү жол кырсык болгон жерден көз жумган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1965-жылы туулган жаран кармалды. Ага тийиштүү чара көрүү үчүн Ысык-Ата РИИБнүн тергөө кызматына жеткиришкен. Ал эми “Тойота Ландкрузер” үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Уобдд Чуй (@uobdd.chuy)