SerepTV Logo

Чүйдө жаран үйүнөн баалуу буюмдарын таппай калган. Мурда соттолгон жаран кармалды

Чүйдө жаран үйүнөн баалуу буюмдарын таппай калган. Мурда соттолгон жаран кармалды
Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 20-июнда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси үйүндөгү баалуу буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, мурда да уурулук жана тоноо сыяктуу кылмыштары үчүн соттолгон 1997-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.