SerepTV Logo

Чүйдө жалган жалаа менен 11 жылга кесилген жаран акталды

Чүйдө жалган жалаа менен 11 жылга кесилген жаран акталды
Чүйдө 3 жыл мурда 11 жылга эркинен ажыратылган жаран райондук сот тарабынан акталды. Маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, 2018-жылы 14-майда Москва районунун Беловодское айылынын тургуну өзүнүн үйүндө 1 килограмм 825 грамм баңгизатын сактап жүргөн жеринен укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Тергөө учурунда ал аталган баңгизатын Токтогул районунун тургуну болгон таанышы алып келип бергендигин билдирген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Москва райондук сотуна жиберилип, соттун өкүмү менен шектүү күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Ал эми анын көрсөтмөсүнүн негизинде, 2019-жылдын 24-январында 1979-жылы туулган жаран издөөдө жүргөн жеринен кармалып, камакка алынып, кылмыш иши сотко жиберилген. Ошол эле жылдын 28-августунда ага Москва райондук соту тарабынан 200 миң сом айып пул салынып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Иш Жогорку Сотко жетип, мекеме кылмыш ишти кайрадан башка курамда кароо үчүн Москва районунун сотко жиберген. Москва райондук сотунда аталган кылмыш ишти кароодо соттолгон жаран мурда берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Ал эми экинчи шектүү кылмышты жасагандыгын тастыктаган башка далилдер аныкталбагандыгына байланыштуу Москва райондук сотунун 19-апрелдеги өкүмү менен акталып, сот залынан бошотулду.
Unknown Author