SerepTV Logo

Чүйдө издөөдө жүргөн 42 жаштагы жаран кармалды. Анын чөнтөгүнөн баңгизат табылды

Чүйдө издөөдө жүргөн 42 жаштагы жаран кармалды. Анын чөнтөгүнөн баңгизат табылды
Аламүдүн районунда издөөдө жүргөн жаран кармалып, жанынан баңгизатка окшош зат алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБ тарабынан 42 жаштагы жаран издөөдө жүргөн. Ал 2019-жылы Жазык кодексининин 268-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолуп, ага карата 2 жылга пробациялык көзөмөл колдонулган. Жогорудагы жаран пробациялык көзөмөлдүн талаптарын бузгандыктан, ага карата издөө жарыяланган. Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы жарандын жүргөн жери аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны текшерүү учурунда кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү баңгизатка окшош зат табылып, жалпы салмагы 11 граммды түзгөн. Алынган затка экспертиза дайындалган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 123-беренеси (сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү иштери улантылууда.
edita