Чүйдө “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымдын жактоочулары кармалды
Чүй облусунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымдын жактоочулары кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Милиция жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тыюу салынган кыймылдын мүчөлөрү жашаган 3 даректе тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында ар кандай диний адабияттар, баракчалар, дептерлер жана уюлдук телефондор алынып, текшерүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Экспертизанын жыйынтыгында алынган адабияттарда Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын идеологиясы бар экендиги аныкталган. Ушул жылдын 6-июлунда көрсөтүлгөн факты боюнча чогултулган материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, бул кылмышка шектелип 1993 жана 1987-жылы туулган жарандар кармалып, Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.