SerepTV Logo

Чүйдө эс алууга барган өспүрүм сууга чөгүп кетти

Чүйдө эс алууга барган өспүрүм сууга чөгүп кетти
Кечээ, 4-майда Жайыл РИИБге Сосновка айылында өспүрүм топ алам деп каналга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Жерине милиция кызматкерлери барып, төмөнкүлөрдү аныкташкан. Кара-Балта шаарындагы мектептердин биринин окуучулары класс жетекчиси жана бир нече ата-энелери менен чогуу иш-чарада жүргөнү аныкталган. Тыныгуу маалында 2010-жылы туулган окуучулардын бири каналдан бир нерсе алып чыгууга аракет кылып жатып, сууга түшүп кетип, чөгүп кеткен. Бул факты боюнча материал катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
edita