Суусамыр өрөөнүндө эки унаа сүзүшүп, төрт киши көз жумду
Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жүк ташуучу унаа менен Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышып, анын кесепетинен төрт адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгы бүгүн, 26-май күнү эртең мененки саат 8 чамасында болгон. Башкармалыктан жеринде жол инспекторлору иштеп жатканын, кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалашты.