SerepTV Logo

Чүйдө эки унаа сүзүшүп, эки адам жаракат алды

Чүйдө эки унаа сүзүшүп, эки адам жаракат алды
Бүгүн, 12-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 60-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык саат 9:00 чамасында катталган. Анда Daewoo Nexia менен Mercedec-Benz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.
edita