Чүйдө эки унаа сүзүшүп, 3 адам мүрт кетти (сүрөт)
Чүйдөгү жол кырсыктан 3 адам каза таап, 6 адам ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун болжол менен 19-20-чакырымында УАЗ оор жүк ташуучу унаасы менен Тойота Ипсум жеңил унаасы кагышып, УАЗ оор жүк ташуучу унаасынан өрт чыккан. Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, 17:55те толук өчүрүлгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп 6 адам жабыркаган. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="84119,84120,84121"]