SerepTV Logo

Чүйдө эки унаа сүзүшүп, 2 аял ооруканага кайрылган

Чүйдө эки унаа сүзүшүп, 2 аял ооруканага кайрылган
Чүйдө жол кырсыгы катталып, 2 аял киши жаракат алган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык 10-июль күнү саат 15:00 чамасында Бишкек-Чалдобар унаа жолунун 25-чакырымында катталган. Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа карама-каршы келе жаткан Даймлер-Крайслер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Даймлер-Крайслер унаанын жүргөнчүлөрү 1936 жана 1971-жылы туулган аял кишилер денесинен алган жаракаттары менен Сокулук районунун аймактык ооруканасына кайрылышкан.