SerepTV Logo

Чүйдө эки унаа сүзүшүп, эки адам көз жумду. Жабыркаган 10 жаран ооруканага жеткирилди (сүрөт)

Чүйдө эки унаа сүзүшүп, эки адам көз жумду. Жабыркаган 10 жаран ооруканага жеткирилди (сүрөт)
Бишкек-Ош унаа жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Toyota Estima менен Toyota Camry үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши мерт кетип, 10 адам жабыркаган. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматы жана жолдо бараткан унаалар аркылуу Кара-Балта шаардык ооруканага жеткиришкен. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="79884,79885,79886,79887"]