SerepTV Logo

Чүйдө дүкөнгө бара жаткан Кытайдын 2 жараны сабалды

Чүйдө дүкөнгө бара жаткан Кытайдын 2 жараны сабалды
Кеминде чет өлкөлүктөрдү карактаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 28-декабрда Кемин райондук ооруканасынан билдирүү түшүп, Кытайдын 2 жараны сабалганы айтылган. Аталган факты боюнча каракчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, 28-декабрда саат 12:00 чамасында 1973 жана 1970-жылы туулган Кытайдын 2 жараны мунай базасындагы жумушунан чыгып, дүкөнгө азык-түлүк алганы барышкан. Азык-түлүк алып кайра базага бара жатканда алдынан жарандар чыгып, ур-токмокко алып, телефондордун тартып алып, из жашырып кетишкен. Шектүү катары 1992 жана 1994-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ГУВД Чуйской области КР (@chuiguvd)

edita