SerepTV Logo

Чүйдө дүкөндөгү чырдан улам жаранга бычак сайылган. Шектүү кармалды

Чүйдө дүкөндөгү чырдан улам жаранга бычак сайылган. Шектүү кармалды

Аламүдүндө пикир келишпестиктин айынан жаранга бычак сайылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-октябрда саат 19:00 чамасында Ленинское айылында жаран дүкөндө чырдаша кетип, 1989-жылы туулган жаранга бычак сайган. Аталган факты боюнча бейбаштык менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланып жатат.