SerepTV Logo

Чүйдө ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

Чүйдө ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды
Аламүдүн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты. 11-июлда Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан денесинен ар кандай жаракат алган жаран жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жабырлануучунун аты-жөнү такталып, ал 1979-жылы туулган жаран экендиги маалым болгон. Анын жанындагы бир тууган эжеси денеге залал келтирүү фактысы боюнча белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1978-жылы туулган жаран кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө, окуянын келип чыгышына жарандардын ортосундагы чыр-чатак себеп болгону аныкталып, анын натыйжасында жабырлануучу көптөгөн дене жаракаттарын алган. Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.