SerepTV Logo

Чүйдө чогуу жашаган эркекти бычак сайып өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы келин кармалды

Чүйдө чогуу жашаган эркекти бычак сайып өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы келин кармалды
Чүйдүн Кара-Балта шаарында мурда чогуу жашаган эркекти бычак сайып өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган ыкчам тергөө тобу төмөнкүлөрдү аныкташкан. Анда жансыз денеден күч колдонулган белгилер бар болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берененин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө маркум 1973-жылы туулган жаран экени аныкталды. Ал эми шектүү катары мурда маркум менен чогуу жашаган 1995-жылы туулган аял кармалды. Аял буга чейин 2015-жылы аялдын денесине оор залал келтирип соттолгону, учурда жазасын түзөтүү мекемелеринин биринде өтөп жатканы маалым болду. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, ортодо уруш чыгып, анда шектүү эркек кишиге бир нече жолу бычак уруп, андан кийин кылмыш болгон жерден качып кеткен.
Unknown Author