SerepTV Logo

Чүйдө чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектүү кармалды

Чүйдө чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектүү кармалды
Аламүдүн районунда чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 26-декабрь күнү Таш-Дөбө айылында спирт ичимдигин ичип отуруп, 1972-жылы туулган Р.С. аттуу жаран менен анын шериги 1973-жылы туулган ялдын ортосунда чыр чыккан. Кесепетинен эркек киши чогуу жашаган аялына бычак сайып, аял алган жаракатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон. Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.