Чүйдө боору жарылгыча сабалып, өлтүрүлгөн 2 жаштагы бала. Иш сотко өттү
Аламүдүн районунда 2 жаштагы баланын өмүрүн кыюуга шектелип энеси жана анын жарандык жолдошу кармалган. Иш Аламүдүн райондук сотуна өттү.
- 28-сентябрь күнү 2021-жылы туулган бала белгисиз себептер менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Окуя болгон Көк-Жар жаңы конушуна ыкчам-тергөө тобу барган учурда, 2021-жылы туулган баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көгалалары менен табылган. Аталган факты катталып, адам өлтүрүү менен кылмыш иши козголгон.