SerepTV Logo

Чүйдө эркек киши улгайган энесине бензин куюп, өрттөп жиберди

Чүйдө эркек киши улгайган энесине бензин куюп, өрттөп жиберди
Чүй облусунун Жайыл районуна краштуу Арал айылында эркек киши бензин куюп, өз энесин өрттөдү. Маалыматка ылайык, 80 жаштагы кемпир алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган. “Алдын ала маалыматтар боюнча, киши өлтүрүү үй-бүлөлүк чырдын негизинде болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан маркумдун уулу - 43 жаштагы жаран кармалган. Белгилүү болгондой, ал киши эч жерде иштебейт. Учурда ал Жайыл районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author