SerepTV Logo

Чүйдө балык уулоого кеткен жарандын жансыз денеси суудан табылды

Чүйдө балык уулоого кеткен жарандын жансыз денеси суудан табылды

Чүйдө суудан жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМге "102" кызматынан кечээ, 26-октябрь күнү саат 11:00 чамасында Аламүдүн районунун Виноградное айылында Ат-Башы каналына 1958-жылы туулган эркек киши балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн, 27-октябрда ал жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.