SerepTV Logo

Чүйдө балык уулоого кеткен жаран дагы эле табыла элек

Чүйдө балык уулоого кеткен жаран дагы эле табыла элек
Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон 28 жаштагы жаранды издөө ишине бүгүн, 23-майда 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Кошумча Нарын облусунун Жумгал райондук №43 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу, №44 ӨКБдан 3 куткаруучу, жалпы 17 куткаруучу чыкты. 19-майда болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган жаран Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
edita