SerepTV Logo

Чүйдө балык уулоого кеткен 71 жаштагы жаран көлмөдөн изделип жатат

Чүйдө балык уулоого кеткен 71 жаштагы жаран көлмөдөн изделип жатат

Бүгүн, 31-майда Ысык-Ата районунун 1-Май айылында жайгашкан көлмөгө балык уулоого келген адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан улам №27 ӨККБдан 4 куткаруучу саат 9:02де аларга кошумча Аламүдүн райондук ӨКБдан 3 куткаруучу издеп-куткаруу иштерине чыгышкан. Учурда суучул-куткаруучулар сууга чөккөн 71 жаштагы жаранды издеп жатышат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="183917,183918,183919"]