SerepTV Logo

Чүйдө балык уулоого кеткен 66 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Чүйдө балык уулоого кеткен 66 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
Чүйдө балык уулоого кеткен 66 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Москва районунун Беш-Терек айылында 1955-жылы туулган киши көлмөдө кайык менен балык уулап жаткан учурда белгисиз себептер менен каза болгон. Анын кайыктагы жансыз денеси көлмөнүн ортосунда туруп калган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин көлмөнүн жээгине чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

edita