Сокулукта 23,7 миллион сомго бааланган маданият үйү менен стадион мэриянын балансына кабыл алынды
Чүй облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпы баасы 23 миллион 728 миң сом болгон социалдык объектилер – маданият үйү менен стадион Сокулук районунун Шопоков шаардык мэриясынын балансына коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, прокурордук текшерүүдөгү мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо учурунда, Шопоков мэриясы тарабынан өкмөттүн "Объекттерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө" токтомун бузуу менен жогорудагы социалдык инфраструктура объектилери баланска кабыл алынбай калгандыгы аныкталды. Мамлекеттик мүлктү коргоо жана сактоо максатында прокуратура тарабынан Шопоков мэриясына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жогоруда аталган объектилер муниципалитеттин балансына кабыл алынды.