SerepTV Logo

Чүйдө аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды

Чүйдө аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды
Чүй облусунда аялын сабап өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 4-декабрь күнү Сокулук РИИБге Сокулук районуна караштуу Арал айылындагы үйлөрдүн биринде 1978-жылы туулган жаран каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, сырттан кароо жүргүзүлгөн. Кароо учурунда маркумдун денесинен көптөгөн көгала тактар жана кандын уюган издери табылган. Жансыз дене моргго жөнөтүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда анын өлүмүнө жолдошу шектүү экени аныкталган. Алардын окуя алдында бирге спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган. 1969-жылы туулган жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары улантылууда.
edita