SerepTV Logo

Чүйдө аялдын үйүнөн 500 миң сом уурдалган. Шектүү колго түштү

Чүйдө аялдын үйүнөн 500 миң сом уурдалган. Шектүү колго түштү
Жайыл районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 12-июнь күнү арыз менен 1957-жылы туулган жаран кайрылган. Анда белгисиз бирөөлөр 500 миң акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты Жайыл РИИБ тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Уурулукка шектелип 1970-жылы туулган жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.