SerepTV Logo

Чүйдө айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү, сатуу фактыларына шектелип, дагы бир адам кармалды

Чүйдө айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү, сатуу фактыларына шектелип, дагы бир адам кармалды
6-августта Аламүдүн районунда айыл чарба жерлерин мыйзамсыз бөлүштүрүү жана куруу фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында жергиликтүү бийликтин учурдагы жана мурдагы өкүлдөрү кармалган.
Бул иштин акагында 7-август күнү Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын №578, 569, 569*, 580, 580* контурларындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү жана сатуу фактыларына тиешеси бар Васильевка айыл өкмөттүн жер адиси 1977-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалды. Учурда Аламүдүн РИИБ тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
info