Чүйдө айдоочу унааны башкара албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен
Чүйдө айдоочу рулга ээ боло албай, Чоң Чүй каналына түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-октябрь күнү саат 23:50дө ӨКМге Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында Чоң Чүй каналына Фольксваген пассат үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар унааны сүйрөтүп, суудан чыгарышкан. Унаада эки адам болгон, жабыркаган эмес. Куткаруу жумушуна 4 куткаруучу тартылган.