SerepTV Logo

Чүйдө айдоочу кайгуул милициясынын кызматкерин сүзүп кетти

Чүйдө айдоочу кайгуул милициясынын кызматкерин сүзүп кетти
Аламүдүн районунда айдоочу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 29-октябрда саат 19:30дар чамасында Аламүдүн районунун Достук айылында, Алма-Ата көчөсүндөгү «Арзан» дүкөнүнүн жанында трактор мамыга урунган. Окуя болгон жерге кызматкерлер чыгып, кырсыктын схемасын түзүп жатышкан. Жолдо тыгын болтурбоо максатында инспекторлордун бири кыймылды жөнгө салып турган учурда аны KIA 7 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Азыркы учурда жабыркаган кызматкер Чүй облустук ооруканага жеткирилди. Инспекторду сүзгөн айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилген.
perizat